• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Тосмолорсуз шаар: Бишкекте мыйзамсыз объекттер демонтаждалууда

Коом 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын адистери менен “Тазалык” муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмүнүн кызматкерлери борбор калааны темир тосмолордон арылтууну улантууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Орозбеков көчөсүн бойлой уруксаты жок орнотулган темир дарбазалар алынды. Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Тагай-Бий жана Ак-Дөөлөт көчөлөрүнүн кесилишиндеги жалпы аянты 246 чарчы метр болгон тосмолор өз ыктыяры менен демонтаждалган.

Чүй проспектиси, №219 жана №134, ошондой эле Түгөлбай-Ата көчөсүндөгү №53 үйдүн жанындагы темир тосмолор да алынды.

Жибек-жолу проспектисинин жана Шевченко көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир тосмолорду да демонтаждалды.

Бул багыттагы иш-чаралар уланууда.

Пикир

Оставить комментарий