Тосор ашуусунда кар калың жаап, эки чабан 110 баш малы менен тоодо калган

Аймак 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Тосор ашуусунда кар калың жааганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тосор ашуусунда кар калың жаагандыктан, мал аша албай ашууга кептелип калган. Ашуунун акыбалын тактаганы жана жардам бергени жалпы беш адам жөнөп кетишти.

Алдын ала маалыматка ылайык, эки чабан 30 баш бодо малы жана 80 баш жылкысы менен ашуудан өтө албай калган.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий