• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Трамп Илон Маскты кызматка дайындады

Дүйнө 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп миллиардер Илон Маскты жана ишкер Вивек Рамасвамиди өкмөттүн натыйжалуулугунун жаңы департаментинин (DOGE) жетекчилигине дайындады. Бул тууралуу X социалдык тармагындагы Америка аккаунтунда жазылган.

"Бул системага жана мамлекеттик каражаттарды ысырап кылууга катышкандардын бардыгына шок алып келет, алар абдан көп", - деди Дональд Трамп.

Ал жаңы департаментти атомдук бомбаны жараткан Манхэттен долбоору менен салыштырды.

Ал ортодо Илон Масктын Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгүнө жумшаган инвестициясы 540 жолу өзүн актады.

CNBC телеканалынын маалыматы боюнча, Илон Маск шайлоого жардам көрсөтүү үчүн 130 миллион доллар короткон. Акыркы күндөрү Tesla акцияларынын 40 пайызга өсүшүнөн улам Илон Масктын байлыгы болжол менен 70 млрд долларга көбөйдү.

Жаңы түзүм кандай формада болору азырынча белгисиз.

Трамп өз билдирүүсүндө "ири масштабдуу структуралык реформаларды ишке ашыруу үчүн Ак үй жана бюджеттик кеңсе менен иштешерин" билдирди.

Ошондой эле Маск менен Рамасвами бул кызматты 2026-жылдын июлуна чейин алып барары белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий