Трамп Өкүлдөр палатасынын спикерине импичмент жарыялоону талап кылды

Дүйнө 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамп 7-октябрда Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосини “мамлекетке чыккынчылык кылууга” айыптап, ага тезинен импичмент жарылоого чакырды.

Мындай билдирүүнү Трамп жекшемби күнү Твиттердеги баракчасына жазды.

Трамп «оор кылмыштар жана жоруктар» (high crimes and misdemeanors) деген юридикалык терминге таянууда. Адатта бул импичмент учурунда колдонулат. Юридикалык термин өзүнө коррупция, шалаакылык, жалган көрсөтмө берүү, кызматынан кыянат пайдалануу, пара алуу, күбөлөрдү коркутуу, мамлекеттин каражатын максатсыз пайдалануу, өз милдеттерин так аткарбоо сыяктуу оор айыптоолорду камтыйт.

Трамптын Твиттердеги билдирүүсү атайын кызматтын дагы бир кызматкери президентке каршы көрсөтмө берүүгө ниеттенип жатканы маалым болгондон кийин чыкты.

Мурдараак Ак үй эки президенттин сүйлөшүүлөрү жазылган стенограмманы жарыялаган. Анда АКШ президенти Дональд Трамп менен Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөшүп жатып, мурунку вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантер тууралуу пикир алмашкан. Зеленский Трамп бул сүйлөшүүдө өзүнө басым-кысым кылбаганын билдирген.

Президенттердин бул сүйлөшүүсү тууралуу маалыматты АКШнын чалгын кызматкери жетекчисине билдирген. Конгресстеги демократтар Трамп президенттик кызматын жеке өзүнүн саясий кызыкчылыгы үчүн пайдаланган деген жыйынтыкка келишкен. Натыйжада Өкүлдөр палатасында Дональд Трампка каршы импичмент жарыялоо демилгеси көтөрүлгөн.

1-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитетинин төрагасы, конгрессмен-демократ Адам Шиффти "мамлекеттик чыккынчылык" кылды деп айыптап, аны камоону сунуш кылган.

Шифф Конгрессте Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн мазмуну тууралуу баяндама жасаган. Конгрессмен бул сүйлөшүүгө байланыштуу атайын кызматка арыз түшкөнүн, ал териштирилип жатканын биринчи болуп жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий