• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Трамп: Түндүк Корея чоң ыңгайсыздыктарга туш болушу мүмкүн

Дүйнө 0

БИШКЕК, 11.08.17. /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Корея маселесинде дайыма сүйлөшүү жолун жактайт. Бул тууралуу ал өзү 10-августта журналисттерге билдирди.

Ошол эле маалда Трамп эгер Түндүк Корея азыркыдай аракеттерин уланта берсе, өлкө өтө чоң ыңгайсыздыктарга туш болушу мүмкүндүгүн айтты.

8-августта Washington Post гезити Түндүк Кореянын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жазып чыккандан кийин АКШ президенти Вашингтондун жообу “от жана каар” болорун эскерткен.

Пхеньян Трамптын билдирүүсүнө жооп кылып Кошмо Штаттарга караштуу Гуам аралына ракеталык сокку уруу планы бар экенин жарыялаган. Түндүк Кореядан соккулар Вашингтон үчүн «эскертүү» болорун билдиришкен.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий