• 87
  • 90.41
  • 0.84

Транспорт министри Ысык-Көлдөгү жол оңдоо иштерин күтүүсүз текшерди

Аймак 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Күн мурун транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Анын алкагында Сыргабаев "Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолун реконструкциялоо" долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышып, 4-5-чакырым аралыгындагы темир жол менен унаа жолдун кесилишинде салынып жаткан өтмөктүн курулушунун жүрүшүн текшерди. Жумуш иштери аяктоо алдында турат.

Ошондой эле министр саатына 240 жана 180 тонна асфальт-бетон чыгарган заводдордун ишмердүүлүгү менен дагы таанышты. Бүгүнкү күндө заводдор аталган унаа жолдун 0-71-чакырымдар аралыгына асфальт-бетон чыгарууда.

Андан соң министр көпүрөлөрдүн курулуштарынан кабар алды. Азыркы тапта Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол унаа жолунун 17-чакырымында көпүрө салуу жумуштары 70 пайыз аяктаганы маалым болду. Ошондой эле аталган жолдун 56-чакырымына узуну 6, туурасы 3 метр көпүрө салуу мерчемделүүдө.

Ведомство жетекчиси Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол унаа жолунун 38- 71-99-чакырымдарындагы асфальт басуу иштерин барып көрдү.

Министр тиешелүү жетекчилер менен жолугуп, эскертүү берүү менен жумушту тездетүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий