• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Транспорт министри өзбекстандык кесиптеши менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев өзбекстандык кесиптеши Илхом Махкамов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу Пекин шаарында өтүп жаткан Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форумдун алкагында орун алды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы транспорт тармагындагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү тууралуу пикир алмашышты.

Мындан тышкары, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорун биргелешип жылдырууда кызматташуунун маанилүүлүгүнө, Анжиян – Ош – Иркештам унаа жолу менен жүк ташууну өнүктүрүү потенциалына, Кытайдан жүк ташуунун олуттуу өсүшүн эске алуу менен мультимодалдык ташууларды өнүктүрүүгө көңүл бурулду.

Эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн министр Абсаттар Сыргабаев мындан ары өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнү жана транспорт тармагындагы кызматташуунун эки тарапка тең пайдалуу багыттарын алдыга жылдырууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий