• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Транспорт министрлиги: Ашууларда жол ачык, каттам бар

Аймак 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 10-декабрга карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрликке караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" жана "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.

Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек – Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.

Ошондой эле Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда жол ачык. Аталган ашууда абанын температурасы - 46 ...- 47° градуска жетет. Жол тазалоо иштерине 4 даана автогрейдер, 3 даана автопогрузчик, 1 даана манипулятор, 1 МДК, 16 жол жумушчу тартылган. Күндүн суугунан күйүүчү майлар тоңуп, жол иштерине бир аз кыйынчылык жаратууда. Ага карабастан каттам бар, жол эки тараптуу ачык.

Өлкөнүн башка жолдорунда да атайын кезмет уюштурулуп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасы себилүүдө.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий