• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Транспорт министрлиги бир айлык рейддин жүрүшүндө айдоочуларга 2,5 млн сом айып салды

Коом 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин протоколдук тапшырмасынын жана Транспорт департаментинин буйругунун негизинде республиканын бардык аймактарында бир айлык рейддик иш-чара жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө жүк ташуучу транспорт каражаттарынын белгиленген салмак-габариттик нормаларын жана жүргүнчү ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын жүргүнчү ташуунун эрежелерин сактоосу текшерилди.

"Үстүбүздөгү жылы 13-февралдан 13-мартка чейин жүргүзүлгөн бир айлык рейддин жыйынтыгында республика боюнча транспорт көзөмөл пункттарында жана транспорттук көзөмөлдүн мобилдик топтору тарабынан жалпысынан 34 миң 469 автоунаа текшерилип, 446 мыйзам бузуулар аныкталган жана 446 протокол түзүлгөн. Анын жыйынтыгында 2 млн 598 мин 500 сом айып салынган, анын ичинен салмак-габариттик өлчөмдөрдүн белгиленген ченемдерин сактабаган айдоочуларга 74 протокол түзүлүп, 1 млн 422 миң 766 сомго айып пул жана автожолдорго келтирилген зыяндар менен залалдардын ордун толтуруу боюнча жыйым чектелген", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле транспорттук көзөмөлдүн мобилдик топтору тарабынан 5 миң 866 автоунаа текшерилип, 269 мыйзам бузуу катталып, тиешелүү протоколдор түзүлгөн жана 912 317 сомго айып пул жана автожолдорго келтирилген зыяндар менен залалдардын ордун толтуруу боюнча жыйым чектелген.

Катталган мыйзам бузуулардын негизинде Транспорт департаментинин аймактык башкармалыктары тарабынан облустардын аймагындагы жүк жүктөгөн ишканаларга жана карьерлерге 83 жазма эскертүүлөр берилди.

Мындан тышкары, Транспорт департаменти тарабынан жүк жүктөгөн ишканалардын жетекчилеринин арасында жүк ташууларды уюштурууда салмак – габариттик параметрлерди так сактоого жана жүргүнчү ташуучулардын арасында тиешелүү талаптарды аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгиленгендей, бир айлык рейддердин жүрүшү боюнча Баткен, Чүй, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынын аймактык телеканалдарында, ЖМКларда жана социалдык тармактарда кеңири чагылдырылып турган.

Пикир

Оставить комментарий