Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. 2024-жылдын 12 айында эл аралык автомобиль ташууларына 144 миң 600дөн ашуун уруксат кагаздары берилген. Бул тууралуу 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылы лицензия жана уруксат берүүдөн, жүктөрдү таразалоодон жана көлөмдөрүн өлчөөдөн, бөлүштүрүлбөгөн жүктөрдү ташууга атайын уруксат алуудан жана зыяндын ордун толтуруудан, административдик айып салуудан өлкө бюджетине жалпысынан 398 млн 886 миң сом түшкөн.
Пикир
Оставить комментарий