• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Транспорт министрлиги "Кыргыз темир жолу" ишканасын акционердик коомго айландырууну караштырууда

Коом 0

Бишкек, 28.02.19. /Кабар/. Транспорт жана жолдор министрлиги "Кыргыз темир жолу" ишканасын акционердик коомго айландырууну караштырууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Транспорт жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди.

Анын айтымында, мындай кадам мамлекеттик компанияга бул тармакты өнүктүрүү үчүн эл аралык инвесторлорду тартууга жардам берет.

Ал эми "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Куван Асанбеков ал жакын арада болбой турганын билдирди.

"Транспорт министрлиги, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жана бизге 2025-жылга чейин темир жолду өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгууну тапшырган. Учурда анын үстүндө иштеп жатабыз. Андан кийин компаниянын аудитин өткөрүү керек. Биз өз мүмкүнчүлүгүбүздү билишибиз керек. Акционерлештирүү - убакыттын иши. Биз аны жасашыбыз керек. Ал нерсе бул тармакты өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий