• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Транспорт министрлиги өлкөдөгү жол оңдоо иштери тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы өлкөдөгү жол оңдоо иштери тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, учурда төмөндөгү аймактарда жолдорго асфальт төшөлүп, жолдорду оңдоо иштери жүрүүдө:

- Өзгөн районунун Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунун 22,5-23,5-чакырым аралыгына асфальттын астыңкы катмары төшөлдү. Алдыда №956 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан үстүңкү катмар да басылат;

- Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Мөнөк айылынын ички көчөлөрү оңдолууда;

- жалпы 9 чакырымды түзгөн Коммунизм - Акташ - Щверник унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Быйыл аталган жолдун 3 чакырымын оңдоо каралып, учурда бир чакырымдай жери жасалды;

- Калинин - Погранич - Кызыл-Туу жолуна асфальт басуу үчүн жер иштери жүрүүдө. Быйылкы планда 3 чакырым аралыкты асфальттоо каралган;

- Нарын шаарынын Табалдиева атындагы көчөсүнө асфальт төшөлүүдө;

- Ош - Бишкек унаа жолунун 616-666,5-чакырым аралыгында жер-жерлерде жол сызыктары чийилүүдө;

- Бишкек - Балыкчы - Нарын - Торугарт жолундагы таштандылар тазаланды (30-31, 57-57-чм).

Пикир

Оставить комментарий