• 87
  • 90.63
  • 0.79

Транспорт министрлиги өлкөнүн ашууларындагы абал тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Бүгүн өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Министрликке караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" жана "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.

Учурда Бишкек – Кара-Балта жолунда, Бишкек – Ош унаа жолунун Ала-Бел, Төө-Ашуу ашууларында, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашууларында, Барскоон – Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда, Боом капчыгайында, Түп – Кеген жана Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунда жана Таластагы Өтмөк ашуусунда каттам бар.

Ошондой эле Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда жол ачык.

Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

Министрлик айдоочуларды кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий