• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Транспорт министрлиги Ош облусундагы жол оңдоо иштери тууралуу маалымат берди

Аймак 0

Бишкек, 07.09.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ош облусунун аймагындагы жол оңдоо иштери тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, учурда төмөндө жолдордо асфальттоо, аң-чөнөктөрдү толтуруу, жол белгилерин жаңылоо иштери жүрүп жатат:

  • № 37 Жол тейлөө ишканасы: Ноокат районуна караган Ноокат-Папан унаа жолунун 11-20-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө жумуштары жүрүп жатат. Ошондой эле Тельман-Кара-Кой жолунда (0-6-чакырымдар аралыгы) жөө жүргүнчүлөр өткөн жол сызыктары жаңыланууда;
  • № 16 Жол тейлөө ишканасы: Чоң-Алай районундагы Ачуу-Суу-Кара-Шыбак автоунаа жолунун 66-68-чакырымдар аралыгында асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлүп жатат:
  • № 5 Жол тейлөө ишканасы: Өзгөн-Заргер унаа жолунун 15-18-чакырымдар аралыгында жер иштери жүрүүдө;
  • № 956 Жол тейлөө ишканасы: Куршаб-Жалпак-Таш жолунун 0-7-чакырымдар аралыгында жаралган аң-чөнөктөр жамалууда;
  • № 26 Жол тейлөө ишканасы: Таш-Кыя-Киров-Жийделик унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө;
  • № 45 Жол тейлөө ишканасы: Кара-Суу районуна караштуу Аэропорт-Кашкар-Кыштак жолунун 0-1,2-чакырымдар аралыгын асфальттоого даярдыктар көрүлүүдө. Ошондой эле, айыл ичиндеги көчөлөргө шагыл төшөө жумуштары жүрүп жатат;
  • № 960 Жол тейлөө ишканасы: Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун жээгиндеги арыктарды тазалоо иштери аткарылууда;
  • № 21 Жол тейлөө ишканасы: Жолчулар тарабынан Актерек-Папан-Кожокелең жолундагы аң-чөнөктөрдү жамоо, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолундагы жол белгилерин жаңылоо, Кеңеш-Жапалак автоунаа жолунун 5-7-чакырымдар аралыгында асфальт төшөөгө даярдык көрүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий