• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Транспорт министрлиги Ош облусундагы жол оңдоо иштери тууралуу маалымат берди

Аймак 0

Бишкек, 07.10.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы Ош облусунун аймагында жүргүзүлүп жаткан жол иштери тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, учурда бир катар жолдор оңдолуп, жол белгилерин орнотуу жана жол жээктерин тазалоо иштери жүрүүдө. Алсак:

№ 5 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:

Өзгөн-Заргер автоунаа жолунда асфальт төшөө жумуштары уланууда. Учурда планда каралган 3 чакырым аралыктын 2,6 чакырымы ондолду. Мырзаке – Кара-Шоро жолунда асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлүп, жер иштери жүрүүдө.

№ 16 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:

Сары-Таш – Кара-Мык жолунун 96+300-чакырымындагы көпүрөнү сырдоо, жол белгилерин орнотуу иштери жүргүзүлдү.

№ 26 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:

Мырзаке– Кара-Кулжа – Алайку жолунун 8-45-чакырымдар аралыгындагы жол жээгине ыргытылган таштандылар тазаланды.

№ 37 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:

Ош – Раззаков жолунда (36,400-37,400-чакырымдар аралыгында) жер иштери жүрүүдө.

№ 45 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:

Мады айылынын Ниязов жана Заиров көчөлөрүнө (бир чакырым) асфальт төшөлдү, ошондой эле темир түтүк орнотулду.

Ош-Кара-Суу автоунаа жолунда көпүрөнү оңдоо иштери жүрүп жатат.

№ 956 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:

Куршаб – Жалпак-Таш автоунаа жолунда жер иштери уланууда, алдыда 2 чакырым аралыкка асфальт төшөлөт.

№ 959 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:

Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн ички жолдоруна асфальт төшөлдү. Жалпы 2 чакырымы оңдолду.

№ 960 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:

Талдык – Кабылан-Көл автоунаа жолунда жер иштери уланууда. Жол оңдоо иштери менен катар, аймактарда кышка даярдык жумуштары да жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий