Транспорт министрлиги сел алып кеткен жолдордогу абал тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ош облусунун аймагында сел алып кеткен унаа жолдору тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, учурда кырдаалга жараша техникалар тартылып, аймакты тейлеген жолчулар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү, тазалоо иштери күнү-түнү тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Алсак:

  • Ак-Терек – Папан – Кожокелең унаа жолунун 31, 32, 33-чакырымдарында бир тараптуу каттам бар. Тазалоо иштери уланууда.
  • Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 15-20-чакырымдар аралыгында жол бир тараптуу ачык.
  • Ылай-Талаа – Карагуз-Түшүнүк унаа жолуна түшкөн таш-шагыл аралашмасы тазаланып жатат. Каттам үчүн кыйынчылык бар.
  • Жаңы-Арык – Кызыл-Суу унаа жолунун жолунун 22, 26, 29-чакырымдарында бир тараптуу каттам бар.

Пикир

Оставить комментарий