• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Транспорт министрлиги жолго чыккан айдоочуларга бир катар кеңештерди берди

Коом 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алыс жолго чыккан айдоочуларга бир катар кеңештерди берди.

Ага ылайык:

  • тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз, унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууну унутпаңыз;
  • алыс жолго сапар алган учурда жаныңызга музга туруштук бере турчу атайын чынжырча ала жүрүңүз;
  • Сосновка жана Кара-Көл пункттарында унаалардын кышка даярдыгы текшерилип, талапка жооп бербегендер артка кайтарыларып жатканын эстеп чыгарбаңыз;
  • ашуу аралап баратып, кокус авариялык абалга кептелсеңиз, унаа токтотууга коюлган ташты дароо жол боюнан алып коюуңуз. Анткени, ал жол кырсыгы коркунучун гана туудурбастан, жасалма транспорт тыгынын да жаратат;
  • кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпаңыз, сиз эрежени гана бузбастан, жол тазалаган унаалардын кыймылына катуу тоскоолдук жаратарыңызды унутпаңыз;
  • унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо - кырсыкты алдын алып, жол коопсуздугун камсыздай турганын эсиңизден чыгарбаныңыз.

Белгиленгендей, министрликке караштуу Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, жаралган кырдаалга ыкчам аракет көрүүгө даяр.

Пикир

Оставить комментарий