• 85.8
  • 92.83
  • 0.88

Транспорт министрлигинде 9 айдын жыйынтыгы чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде министр Абсаттар Сыргабаевдин төрагалыгы астында 9 айдын жыйынтыгын чыгарган коллегия өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, күн тартибине жалпы 5 маселе коюлду. Тагыраагы, министрликтин жалпы отчету, Жол чарба департаментинин, “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин жана Жол фондунун 9 айда аткарган жумуштары менен төртүнчү кварталга койгон милдеттери жана жарандардын кайрылуулары менен аткаруу тартиби тууралуу баяндамалар жасалды.

Иш-чаранын жыйынтыгы менен жумушунда жакшы көрсөткүчтөргө жетишпеген жетекчилерге сөгүш, тартиптик жаза, эскертүү жана оозеки эскертүү берүү маселелери каралып, алдыга коюлган милдеттерди так жана өз убагында аткаруу тапшырмасы коюлду.

Пикир

Оставить комментарий