• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Триатлон спортчусу Никита Рыжик АКШда өткөн Iron Man чемпионатына катышты

Спорт 0

Бишкек, 11.08.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Биринчи жолу Кыргызстандан триатлончу Никита Рыжик АКШнын Техас штатында өтүп жаткан Iron Man 70.3 дүйнөлүк чемпионатына катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын триатлон федерациясынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, чемпионатка “темир” жарыш боюнча татыктуу натыйжа көрсөтүп, жыл ичинде тандалып алынса болот.

“Биздин өлкө мындай чемпионатта биринчи жолу көрсөтүлдү. Никита Рыжик сууда татаал баскычты өттү (1,9 км). Анын 1 чакырымын агымга каршы сүзүп, бийиктиги 1000 м болгон 90 чакырымды өтүп жана көтөрүлүүсү 200 м жакын болгон жарым марафонду чуркап өткөн!”, - деп белгилешти федерациядан.

“Жарыштын жалпы убактысы - 7 саат 14 мүнөт жана 2 секундду түзгөн. Мындай оор жарышта калып калбай аягына чейин чуркоо –бул чыныгы эрдик”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий