• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Тула облусундагы жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Тула облусундагы жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык 2021-жылдын 23-сентябрында "P-22 "Каспий"" шоссесинде эртең менен катталган. Кырсыктан 1986-жылы туулган эркек жана 1987-жылы туулган аял каза болгон. Экөө тең Кыргызстандын жараны, кырсыктан жалпы төрт адам каза болгон.

Кырсык боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесинин 5-бөлүгү (жол эрежесин бузуу, байкабастыктан экиден ашык адамдын өлүмүнө алып келген) боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий