• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

“Тулпар" мектептик картасын кантип алуу керек? Кеңеш

Коом 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Мектептик картаны "Тулпар" сервистик борборлорунан алууга болот. Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришкендей, картанын баасы – 50 сом, мектептик жол жүрүүчү тариф – айына 360 сом.

Картаны алуу үчүн мектептен маалымкат, окуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, 3×4 өлчөмүндөгү электрондук сүрөт керектелет. Ошондой эле картаны алуу үчүн онлайн арызды www.tulpar-card.kg сайты аркылуу да тапшырса болот.

Онлайн арызды калтыруу үчүн "Мектептик карталар" бөлүмүнө кирип, бардык талааларды толтуруп, окуучунун сүрөтүн жана мектептин маалымкатын электрондук түрдө жүктөө зарыл. Бардык маалымат туура берилсе, адистер арызды бир нече күндүн ичинде карап чыгышат.

Карталар "Тулпар" сервистик борборлорунда берилет:

  • Октябрь району: Байтик Баатыр көчөсү, 17;
  • Ленин району: Чүй проспектиси, 315;
  • Свердлов району: Чүй проспектиси, 28;
  • Биринчи Май району: Жибек Жолу проспектиси, 495.

Картаны алгандан кийин Tulpar мобилдик тиркемесин жүктөп алып, балансты толуктап туруу шарт.

Муниципалдык транспортто жол кире акысын Mbank, MegaPay, Balance, О!Деньги, Bakai, Компаньон, КИСБ, Элсом, мобилдик тиркемелери аркылуу да төлөсө болот.

Пикир

Оставить комментарий