• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Тулпар" төлөм картасынын балансын кантип толтурса болот? — нускама

Коом 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын муниципалдык автобус жана троллейбустарында электрондук карта менен жол кирени төлөөгө болот. “Тулпар” бирдиктүү төлөм системасынын балансын толуктоо боюнча YouTube каналында атайын ролик жайгаштырылган.

Буга чейин мэриядан билдиришкендей, пилоттук долбоор аяктагандан кийин автобус жана троллейбустарда жол кирени накталай акча менен төлөө токтотулат. Жүргүнчүлөр автобуска төлөм картасысыз кире алышпайт.

"Тулпар" төлөм картасынын балансын “Pay 24”, “UMAI” жана “О” терминалдарынан толуктоого болот.

Нускама боюнча башкы беттен “Кошумча” баскычын тандап, анын ичинен “Башка кызматтар” баскычын, андан кийин “Тулпар” деген баскычты басуу керек. Картага акча салуу эки жол менен жүргүзүлөт: картанын номери же уюлдук телефон номери боюнча.

Ал эми колдонуучуларга оңой болуусу үчүн “Тулпар” картасынын мобилдик колдонмосу иштелип чыккан. Колдонуучулар телефон аркылуу картасынын балансын жана жүрүүлөрүн текшере алат.

Пикир

Оставить комментарий