• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Туман тарады. “Манас” аэропорту кадимки режимде иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропорту кадимки режимде иштей баштады

Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, аба майдандын аймагында кармалып жаткан туман тарады. Буга чейин аткарылбай калган каттамдар ишке ашып баштады.

Аэропорт жүргүнчүлөрдөн каттамдар тууралуу маалыматты төмөнкү телефон номери аркылуу тактоону суранат: 0(312)693109.

Эскерте кетсек, мурдарак "Манас" эл аралык аэропорту коюу туманга байланыштуу каттамдарды кабыл ала албайт жаткандыгы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий