• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Туманбаев: Ипотекага үй алууга кезекке туруу системасы кынтыксыз иштеши керек

Коом 0


Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. "Мамлекеттик ипотекалык компанияда кезекке туруу системасы кынтыксыз иштеп, тааныш-билиштерге кезекти жакындатуу мүмкүнчүлүгү болбошу керек. Эгер мындай учурлар катталса, катуу жаза колдонулат", - деп жазды президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

Анын маалыматына караганда, президенттин тапшырмасы менен Мамлекеттик ипотекалык компаниясында санарип кызмат көрсөтүү системасын жөнгө салуу маселесин чечүү приоритетте турат. Ал эми кызматкерлердин айлыгын жогорулатуу боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.

"Санариптештирүү элге ыңгайлуу шарттарды түзүү, онлайн бардык маалыматтарды жеткирип туруу талабы коюлду. Мындай кадамдар калкыбызды кыйнабай, убакытты эффективдүү пайдаланууга шарт түзүлөт.

Ар бир кызматкер татыктуу эмгек акы алышы керек. Жогору эмгек акы кызматкерлердин мыкты иштешине стимул болот. Өлкө башчыбыз Садыр Нуркожоевичтин тапшырмасы менен кызматкерлердин айлык акысы жакын арада жогорулайт", - деп жазды ал.

Пикир

Оставить комментарий