• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Tunduk Калкты тейлөө борборлору үчүн мульти-талонду ишке киргизди

Экономика 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Tunduk Калкты тейлөө борборлору үчүн мульти-талон жаңы функционалын ишке киргизди.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, мульти-талон функциясы Tunduk тиркемесинде жеткиликтүү. Жаңы функция Калкты тейлөө борборлорундагы кызматтарды алуу процессин кыйла жеңилдетип, убакытты үнөмдөйт.

Эми үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү үчүн өз-өзүнчө талон алуу үчүн жазылуунун кереги жок. Бир эле мульти-талон менен он адамга чейин кызмат алса болот.

Үй-бүлө жана топтор үчүн көрсөтүлүүчү кызматтар:

- жарандыкка алуу;
- жарандыктан чыгуу;
- актылык жазууга өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү.

Система Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" ишканасы жана "Түндүк" мекемеси менен биргеликте ишке ашырылды.

Пикир

Оставить комментарий