• 87
  • 90.41
  • 0.84

Турфирма банкрот болуп, Анталиядагы казак туристтер мейманканасыз калышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12-июль /Кабар/. Казакстандын туроператорлору менен кызматташкан Түркиянын «Элит класс» туристтик компаниясы банкрот болгонун жарыялаган соң Анталияда эс алып жүргөн казакстандык туристтер мейманкаларга кире албай, кыйын абалга кептелишти. Бул тууралуу Астанадагы кызмат адамдары кабарлашты.

«Абалга көз салып, маалыматтарды берип туруу үчүн ыкчам штаб түзүп, Анталия менен байланышта турабыз. Штабдын курамына комитеттин кызматкерлери, Казакстан ТИМинин консулдук кызматынын жана туристтер коомчулугунун өкүлдөрү кирет», — деп билдирди Казакстандын Туризм индустриясы комитетинин төрагасы Майнюра Мурзамадиева.

Анын айтымында, Анталияда бир канча компаниянын туристтери мейманканасыз калышкан. Азырынча жардам сурап кайрылган адамдардын саны кабарланган жок. Бирок Казакстандын Тышкы иштер министрилигинин басма сөз катчысы Ануар Жайнаков кеминде 24 киши, анын ичинде онго жакын жаш бала мейманкаларга жайгаштырылып, эс алуусун улантып жатканын билдирди. Жайнаковдун айтымында, «Элит класс» бир нече казакстандык операторлор менен иштешип келген.

«Биз азыр «Элит класс» менен кызматташкан казак компаниялардан жолдомолорду алып жаткан айрым жарандарыбыз окуя тууралуу билбей, оор абалдарга кептелип калышы мүмкүн деп тынчсызданып жатабыз», — деди Жайнаков. Ал учуда Казакстан консулдугу абалга көз салып жатканын кошумчалады.

ТИМ Түркияга эс алууга кетип жаткан жарандарга алдын ала ээлеп койгон мейманканаларды жана төлөнгөн акчаларды дагы бир жолу текшерип коюу керектигин эскертүүдө.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий