• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Туристтик сезонго байланыштуу такси айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 04.08.21. //Кабар/. Азыркы учурда өлкөнүн баардык аймагында туристтик учур болуп жаткандыктан, чет өлкөдөн келген туристтерди жана шаар тургундарын шаардан сырткары алыскы аймактарга ташыган такси айдоочуларына жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери түшүндүрүү жана эскертүү иштерин жургүзүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер чыгыш жана батыш автобекеттердеги жана Аламүдүн, Ош базарларындагы Бишкек-Ош, Бишкек-Балыкчы, Бишкек-Казарман жана башка каттамдарга каттаган таксилердин айдоочуларына жеринен жолугуп, автоунаанын техникалык абалын, түнкүсүн жарык берүүчү каражаттардын, өрт өчүрүүчү жана санитардык талаптарга жооп берген аптекелык дары-дармектерин текшерүүгө алууда.

Ошондой эле айдоочу каттамдан келгенден кийин сөзсүз бир күн эс алып, психологиялык жактан толук даяр болуп, анан кана каттамга чыгуу эскертилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий