• 87
  • 90.59
  • 0.86

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо жана Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фонддору кызматташат

Экономика 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун ортосунда өз ара түшүнүү жана кызматташтык меморандумуна кол коюлду.

Документке Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Кылычбек Рысалиев жана Азербайджан-Кыргызстан өнүктүрүү фонду башкармалыгынын тең төрагасы Алмаз Мамбетов кол коюшту.

Меморандумдун негизги максаты — туризм тармагында узак мөөнөттүү жана тыгыз кызматташтыкты орнотуу. Кызматташтык алкагында тараптар биргелешип туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп, мастер-пландардын жана техникалык-экономикалык негиздемелердин анализин жүргүзүүнү, ошондой эле долбоорлорду каржылоого зарыл болгон документтерди иштеп чыгууну пландаштырууда. Мындан тышкары, тажрыйба алмашуу жана эң мыкты дүйнөлүк практикаларды киргизүү маселелери каралат.

Кызыкчылыктарды эске алуу менен тараптар туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча өнөктөш уюмдарды тартуу, компетенцияларды жана мыкты тажрыйбаларды алмашуу, консультациялык жана маалыматтык иш-чараларды уюштуруу, ошондой эле биргелешкен туристтик, маданий-креативдик, эксперттик жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну, ошондой эле туристтик бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү иш-чараларын өткөрүүнү карашууда.

Фонддордун ортосундагы кызматташтык туризм тармагынын өсүшүнө жана эки өлкө ортосундагы маданий жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий