• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Туура бир аптадан соң Парижде Паралимпиадалык оюндар башталат

Дүйнө 0

Бишкек, 21.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Туура бир аптадан кийин Парижде Паралимпиадалык оюндар башталат.

Учурда Франция паралимпиадачыларды кабыл алууга даярданууда. Спорттук жайлар жана мейманканалар майыптыгы бар жарандар үчүн ыңгайлаштырылып, керектүү жабдуулар менен камсыздалдып жатат.

XVII жайкы Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт. Мелдешке 182 өлкөдөн 4400 спортчу катышат. Анда спорттун 22 түрү боюнча беттештер орун алат. 11 күндүн ичинде жалпысынан 549 медалдардын топтому ойнотулмакчы.

Белгилей кетсек, Париждеги Паралимпиада оюндарына Кыргызстандан төрт спортчу катышат. Алар пара пауэрлифтинг, пара жеңил атлетика, пара дзюдо, пара триатлон спорту боюнча беттештерге чыгат.

Пикир

Оставить комментарий