• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Тыналиев менен Жумабеков ЖК күбөлүгүн жана төш белгисин алып, ишке киришти

Коом 0

Бишкек, 08.07.24. /Кабар/. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Айжигит Тыналиевди №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча, ал эми Жумабек Салымбековду №29 Свердлов шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады.

Ошондой эле эл өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин күбөлүгү жана төш белгиси тапшырылды.

Мындан сырткары, БШК №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын аныктап, Бакытбек Мариповду Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп тааныды. Ал шайлоочулардын 45,12% добушун алган.

Белгилей кетсек, 30-июнда өлкөдөгү үч округда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн.

Пикир

Оставить комментарий