• 87
  • 90.63
  • 0.79

Айдарбеков: Май айында 1 миң кыргызстандыкты мекенге алып келүүнү пландап жатабыз

Коом 0

Бишкек, 12.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргыз жарандарын алып келүү маселеси республикалык штаб менен макулдашылган график боюнча иштелип жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков билдирди.

Анын айтымында, жакынкы жумаларда 1 миңге жакын кыргызстандыкты алып келүү пландалууда.

"Катардан – 36, Кувейттен – 105, Ирандан – 16, Франкфурттан – 58, Стамбулдан – 149, Москвадан – 402, Түштүк Кореядан – 35, Япониядан – 30, Беларустан 37 кыргызстандык алынып келет. 12-майга карата чет жактагы элчиликтерге жана Тышкы иштер министрлигине дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн 8 миң 712 жараныбыз кайрылган", - деди ал.

Айдарбеков билдиргендей, Тышкы иштер министрлиги көп кыйынчылыктарга туш болуп жатканына карабай күнү-түнү иштеп жатат.

"Ушундай оор шартта жалган маалыматтарды жана жеке пиар акцияларды уюштуруу жүрүп жатат. Кандай болгон күндө да биздин негизги максатыбыз жарандарыбызды өлкөгө алып келүү", - деди Айдарбеков.

Пикир

Оставить комментарий