• 87
  • 90.63
  • 0.79

Тышкы иштер министри Сирия, Палестина жана Газадан канча кыргызстандык кайтарылганын айтты

Саясат 0

Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2024-жылы Сирия, Палестина жана Газадан канча кыргызстандык кайтарылгандыгын жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында айтып берди.

Анын айтымында, өткөн жылы Сириянын түндүк-чыгыш аймактарынан КР жарандарын мекенине кайтаруу боюнча «Айкөл» гуманитардык миссиясынын акыркы 5-6-этабы ишке ашырылды. Натыйжада Кыргыз Республикасынын 121 жараны мекенине кайтарылды. Алардын 36сы аялдар жана 85и балдар.

"Жардам сураган жарандардын баары Сириядан кайтарылган. Учурда ал жакта Кыргызстандын жарандары бар экендиги тууралуу башка маалымат жок. Учурда биз тактоо иштерин жүргүзүүдөбүз, ага ылайык бир топ маалыматтар бар. Бир эле биздин жарандар эмес, коңшу мамлекеттердин же Борбор Азия мамлекеттеринин жарандары да бар. Алар Кыргыз Республикасынын жараны дешет, бирок текшерилгенден кийин биздин өлкөнүн жарандары эмес болуп чыгууда. Бул иштерди 2025-жылы дагы улантабыз”,- деди министр.

Ошондой эле куралдуу кагылышуу болгон аймактардан, Газа тилкесинде жана Палестинадан 4 кыргызстандыкты жана алардын 18 жакын туугандарын өлкөгө эвакуациялоо процедурасы ишке ашырылганын кошумчалады.

Россияда, Казакстанда, Түркияда жана Иракта мыйзамдуу өкүлдөрүнүн кароосуз калган 24 жашы жете элек Кыргызстандын жараны мекенине кайтарылды, алардын ичинен 20 адам Россиядан, Казакстан жана Түркиядан бирден, ал эми Ирактан 2 өспүрүм мекенине кайтарылды, — деди Кулубаев.

Пикир

Оставить комментарий