• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Тышкы иштер министри ТМУнун башкы катчысы менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев III Анталия дипломатиялык форумунун алкагында Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө КР Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы маселелери, ТМУ катчылыгынын учурдагы ишмердүүлүгү, ошондой эле уюмдун алдыдагы пландары талкууланды.

Тактап айтканда, тараптар үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда өткөрүү пландаштырылган иш-чараларга, анын ичинде ТМУ мамлекет башчыларынын кезектеги 11-саммитин өткөрүү, ошондой эле Кыргызстандын мурдагы саммитте айтылган демилгелерин ишке ашырууга басым жасашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстандын ТМУ алкагындагы кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин илгерилетүү боюнча мындан ары тыгыз иш алып барууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий