Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Италияга иш сапары менен барат

Саясат 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев үстүбүздөгү жылдын 28-30-майында Италияга иш сапары менен барат.

Ведомстводон билдиришкендей, Жээнбек Кулубаевдин сапары Италиянын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Антонио Таянинин чакыруусу боюнча уюштурулган.

Сапардын жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев "Борбордук Азия - Италия" министрлеринин жолугушуусуна катышат, ошондой эле Италия расмий өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий