• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Исаев ЕККУнун делегациясын кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 23.04.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев ЕККУнун Конфликттердин алдын алуу борборунун директору, башкы катчынын орун басары Кэтрин Фирон жетектеген ЕККУнун делегациясын кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Кыргыз тарабы иш сапарга жана Кыргызстандын укук коргоо, күч органдарынын потенциалын чыңдоого багытталган долбоорлоруна көрсөткөн колдоосу үчүн ЕККУ борборуна ыраазычылык билдирди. Асеин Исаев кыргыз тарабы ЕККУну тең укуктуу жана өз ара урматтоо диалогу үчүн маанилүү көп тараптуу аянтча катары карарын белгиледи.

Өз кезегинде Кэтрин Фирон Кыргызстан Уюмдун маанилүү өнөктөшү жана катышуучу өлкөсү экендигин баса белгилеп, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен ЕККУ Академиясынын ишмердүүлүгүнө туруктуу колдоо көрсөтүп келатканы үчүн кыргыз тарабына ыраазычылык билдирди.

Тараптар өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча кызматташууну активдештирүү зарылдыгына макул болушту жана жакынкы келечекке карата пландарды белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий