• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Тышкы иштер министрлигинде Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 30.08.24. /Кабар/. Бүгүн Тышкы иштер министрлигинде министр Жээнбек Кулубаев жана Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнүн катышуусунда Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Өз сөзүндө министр Жээнбек Кулубаев дипломаттарды өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы менен куттуктап, ушул тарыхый мезгил ичинде Кыргызстан экономикалык өнүгүүдө чоң жетишкендиктерди көрсөтө алганын белгиледи. Акыркы үч жылда өлкө динамикалуу социалдык-экономикалык өнүгүү жолуна түшүп, өнөр жай секторун, энергетиканы, тоо-кен казып алуу жана башка маанилүү тармактарды калыбына келтирип, кайра түзө алганын кошумчалады.

Министр ошондой эле быйыл мамлекеттин деңгээлинде белгиленип жаткан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы мамлекеттүүлүктүн кайра жаралуусуна өбөлгө түзүп, социалдык-экономикалык реформаларды тездетип, этносторду Кыргызстан эли деген биримдикке бириктирүүгө шарт түзгөн элибиздин көп кылымдык тарыхындагы дагы бир улуу этап болгонун билдирди.

Тышкы иштер министри дипломатиялык кызмат эгемендүү Кыргызстандын өнүгүүсүнө жана эл аралык аренада таанылышына кошкон олуттуу салымын жана ролун баса белгиледи. Ал республика бүгүн дүйнөлүк коомчулук тарабынан өз алдынча өнүгүп жаткан көз карандысыз мамлекет катары кабыл алынып жатканын баса кубануу менен белгиледи.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган, экономикалык дипломатияны күчөтүүгө, мамлекеттик коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга, аймактык бүтүндүктү сактоого, ошондой эле республиканы социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана кыргызстандыктардын чет өлкөлөрдөгү укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган тышкы саясий милдеттерди эске салды.

Кулубаев сөзүнүн соңунда бардык дипломаттарды мекен алдындагы кесиптик жана жарандык милдеттерин татыктуу жана ишенимдүү аткарууга, Кыргызстандын коопсуздугуна жана өнүгүшүнө, ошондой эле көп улуттуу элибиздин бакубатчылыгына жана гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошууга чакырды.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу жыйында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин бир катар кызматкерлерине кезектеги дипломатиялык рангдар ыйгарылып, ак ниет эмгеги үчүн Ардак грамоталар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий