Бишкек, 11.11.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу өткөрүлдү.
Мындан тышкары, жогорку деңгээлдеги эки тараптуу иш-чараларды уюштуруу, ошондой эле БУУнун алкагында өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Өз кезегинде, кытай тарап 2024-2025-жылдары ШКУга Кытайдын төрагалыгынын жүрүшүндө пландаштырган көп тараптуу иш-чаралар жөнүндө маалымдады.
Пикир
Оставить комментарий