Тышкы иштер министрлигинде Пакистандын ТИМ делегациясы менен жолугушуу өттү

Саясат 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин кошумча катчысы Мухаммад Салим баштаган делегациясы менен жолугушту.

КР тышкы саясий ведомствосунан маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө пакистандык тарапка чет өлкөлүк жарандардын катышуусундагы окуя тууралуу кеңири маалымат берилди.

Министрдин орун басары Имангазиев Кыргызстадын компетенттүү органдары тарабынан Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чаралар өз убагында кабыл алынып, учурда келечекте мындай окуялардын алдын алуу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, Пакистандын жарандарынын Кыргызстанда болуусу жана алардын өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим алуусу талкууланды. Муну менен катар миграциялык маселелерди талкуулоо үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосунда консулдук консультацияларды өткөрүү макулдашылды.

Өз кезегинде Мухаммад Салим Кыргызстандагы Пакистан жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууда компетенттүү органдар тарабынан көрсөтүлгөн көмөгү үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий