• 87
  • 91.29
  • 0.84

U-17 Азия чемпионатында Кыргызстандын грек-рим курамасы биринчи орунду ээледи

Спорт 0


Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Бишкектеги 17 жашка чейинки балбандар арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы жалпы командалык көрсөткүчтө биринчи орунду ээледи.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-июнда старт алып, жалпы 10 комплект медаль ойнотулду.

Кыргызстан жалпы жети медаль жеңди:

1-орун — Жантөрө Мирзалиев (60 кг);

1-орун — Кутман Темирбеков (65 кг);

1-орун — Асан Жанышов (80 кг);

1-орун — Нурболот Сыргабай уулу (92 кг);

2-орун — Кубаныч Аринов (51 кг);

3-орун — Абдулахадходжа Абдуллаходжаев (55 кг);

3-орун — Жоомарт Аралов (71 кг).

Эскерте кетсек, эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча U-17 жана U-23 Азия чемпионаты 19-26-июнь күндөрү Bishkek Arena муз аянтчасында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий