• 86.2
  • 92.86
  • 0.9

Убактылуу кармоо жайынан качкан 3чү качкын кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.11.17. /Кабар/. Шаардык милиция кызматкерлери тарабынан Бишкектин аймагында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайынан качып кеткен үчүнчү качкын кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, качкын 28-ноябрда болжол менен саат 21:00 чамасында, Бишкектеги Исанов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде атайын жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттин жыйынтыгында кармалган.

Үчүнчү кармалган качкын Ачылдурдиев Багтият Турдукулович – 1985-жылы туулган, Түркмөнстанда туулган.

Эске сала кетсек, буга чейин эки качкын кармалган.

Алар:

  1. Базаркулов Рамиль Муктарбекович - 1979-жылы туулган, Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну. КР Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесине (Адам өлтүрүү) ылайык камалган.
  2. Дилдешов Бакыт Чыныбекович – 1979-жылы туулган. Талас облусунун тургуну. КР Кылмыш жаза кодексинин 168-беренесине (Карактоо) ылайык кармалган.

Учурда милиция кыхзматкерлери төртүнчү качкынды издеп жатышат.

  1. Джанботоев Кайрат Байызбекович – 1989-жылы Чүй облусунда туулган. КРнын Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесине (Адам өлтүрүү) ылайык кармалган.

Милиция качып кеткен төртүнчү жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, төмөнкү телефондорго чалып, маалымат берүүнү суранат; - 0 312 43-88-91, 43-88-85, ИИМдин нөөмөт бөлүмү жана 0 312 662331.

Аталган факты боюнча материалдар окуяга юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий