• 87
  • 90.41
  • 0.84

Убактылуу өкмөттүн иши мыйзамдуу болгонбу? Кубанычбек Исабеков Конституциялык сотко кайрылгандыгын билдирди

Коом 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында көз карандысыз коомдук комиссияны жетектеген Кубанычбек Исабеков 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн ишинин мыйзамдуулугун аныктоо боюнча Конституциялык сотко эки жолу арыз менен кайрылгандыгын билдирди.

Ал белгилегендей, биринчи арызында Убактылуу өкмөттүн башында турган Роза Отунбаевага экс-президент макамынын берилишинин мыйзамдуулугун аныктоону өтүнгөн.

“2011-жылдын 2-декабрында Отунбаевага Конституцияны, мыйзамды тебелеп, экс-президент макамы берилген. Ал эл тарабынан шайланбагандан кийин Алмазбек Атамбаевдин Отунбаевага карата чыгарган жарлыгы мыйзамдуубу? Мен ушуну айтып, Конституциялык сотко кайрылдым. Анткени бул жарлык Баш мыйзамга шайкеш келеби же жокпу? Эмне себептен Отунбаева бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттин, элдин эсебинен каржыланышы керек”, - деди ал.

Исабеков экинчи арызын Конституциялык сотко күн мурун бергенин айтты.

“Конституциялык сотко кечээ жаран катары кайрылдым. Анда Убактылуу өкмөттүн ошол кезде чыгарган декрети тууралуу жаздым. Декрет деген бир дагы мыйзамда, нормативдик-укуктук актыларда жок. Декретке жамынып алып алар Жогорку Кеңешти, Борбордук шайлоо комиссиясын, Конституциялык сотту тараткан. Ушул Конституцияга шайкеш келеби? Буга да Конституциялык сот жооп бериши керек деп эсептейм”, - дейт Исабеков.

Ал кошумчалагандай, тогуз кишиден турган көз карандысыз коомдук комиссия 2010-жылдагы апрель-июнь окуяларын былтыртан бери иликтеп келет.

Пикир

Оставить комментарий