Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге азербайжандык жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты.
«Көптөгөн адамдардын курмандыктарына алып келген азербайжандык жүргүнчү учагынын трагедиялуу кыйрашы тууралуу бүгүнкү суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргызстандын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана ушул трагедиянын кесепетинен жабыр тарткандардын бардыгына тезирээк сакайып кетишин каалайм.
Орду толгус жоготуунун азабын жана кайгысын тең бөлүшөм», - деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.
Пикир
Оставить комментарий