• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Учкун-2” конушунун тургундары бийликтен жер тилкелерин камактан чыгарууну сурашат

Коом 0


Бишкек, 23.01.18. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунун “Учкун-2” конушунун жашоочулары бийликке алардын мыйзамдуу алынган жер тилкелерин негизсиз камакка алууну чечип берүү өтүнүчү менен кайрылышууда. Алар өз позицияларын “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында билдиришти.

Жабыркаган 85 үй-бүлөнүн кызыкчылыктарын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча адам укуктары боюнча Конгрессинин координатору Турсунбек Акун коргоп жатат. Анын айтымында, 2003-жылы Ново-Павловский айыл өкмөтүнүн чечими менен жаңы конуштун аймагында турак үйлөрдүн курулушу үчүн 700 жер тилкеси бөлүнгөн. Ушул учурдан тарта, укук коргоочу билдиргендей, үй-бүлөлөр өз аймактарына жайгаша башташкан.

“Бирок 2015-жылы Сокулук райондук прокуратурасы жер тилкелерин берүү тартибин иликтеп баштаган, жыйынтыгында 85 үй-бүлөгө каршы жерлерди мыйзамсыз алгандыгы боюнча чечим чыккан. Анткен менен бардык 700 тилке бирдей шартта жана укуктарда бөлүнгөн”, - деп түшүндүрдү Акун.

Айрым маалыматтар боюнча, укук коргоочунун айтымында, мунун аркасында кызыкдар чиновниктер турат жана жакында алардын ысымдарын ачыктай алышат.

Конуштун тургундары камакка биринчи катардагы жол боюнда жайгашкандыктан бизнеске ылайыктуу жер тилкелери туш болгонун белгилешти. Ошондой эле аларга “Учкун-2” конушунун аймагында кимдир бирөө дачалык айылды курууну пландап жатканы тууралуу сөздөр жеткен. Бирок, жабырлануучулар кандай болгон шартта да 85 үй-бүлөнүн турак жайларынын бузулушу мүмкүн экенин айтып кейишүүдө.

“31-январда Чүй облустук сотунда соттук угуу өтөт. Сокулук райондук соту тургундардын кызыкчылыгына каршы чечим чыгарган. Биз президентке, ошондой эле премьер-министрге бул маселени чечүүгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылабыз. Себеби бүтпөгөн соттук териштирүүлөр тургундардын жашоосун түйшүккө салып койгон”, - деп белгиледи Акун.

Конуштун жашоочулары дал ушул 85 үй кандай негизде камакка алынганына алигиче түшүндүрмө таба албай нааразы болушууда. Алардын айтымында, алардын баары жер тилкелерин бирдей шарттарда алышып, алган күндөн бери жер салыгын төлөп келишкен.

“Башында прокуратура башкы пландын жоктугуна таянып келген, бирок ал бар. Андан кийин алар бизде жер берүү жөнүндө чечимдин түп нускасы жок, гербдик мөөр менен ишендирилген көчүрмөсү гана бар экенин айтышкан. Бирок конуштун бардык тургундары ушундай абалда, талап кылынган документ эч кимде жок. Эмне үчүн камакка биздин гана үйлөрүбүз алынганы биз үчүн табышмак бойдон калууда”, - деди конуштун жашоочусу Нургүл Алыбаева.

Ал бардык тургундар жер салыгын калтырбай төлөп келишкенин, буга далил дүмүрчөктөрү катылуу экенин кошумчалады. Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматы алардын аймагын чектеп, конуштун жашоочуларынын ээликтеринин мыйзамдуулугун ырастаган. Жабырлануучулар белгилешкендей, бүгүнкү күнү каршы пикирди бир гана Сокулук райондук прокуратурасы кызыкдар жактардын пайдасына билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий