• 87
  • 91.26
  • 0.84

«Учкун» ААКнын жылдык кирешеси 2 млрд сомдон ашты

Экономика 0


Бишкек, 15.12.24. /Кабар/. «Учкун» ААКнын жылдык кирешеси 2 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы 2022-жылга салыштырмалуу 2234%га өсүш орун алды.

Бул өндүрүш жана финансылык жыйынтыктардагы революциялык ийгиликтер деп белгиледи ал.

Соңку жылдары пезидент Садыр Жапаровдун колдоосу менен “Учкун” ачык акционердик коомунда маанилүү өзгөрүүлөр жүргүзүлүп, жаңы долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылды.

Заманбап жабдууларды сатып алуу, техникалык модернизация жана инфраструктуранын жаңылангандыгы өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт түздү. 2024-жылдын ичинде ишкананын кирешеси 2 млрд сомдон ашып, өлкөнүн салык төлөөчү эң ири компаниялардын катарына кирди.

“Учкун” ААКнын кызматкерлердин айлык-маянасы 2024-жылдын башынан июль айына чейинки аралыкта 50%га өстү.

Масштабдуу модернизация

Техникалык базаны чыңдоо багытында:

2023-жылы - президенттин фондунан бөлүнгөн 176 000 000 сомго китеп басуу үчүн атайын техникалык каражат алынып келди.

2023-жылы - 5 420 875,50 (АКШ доллар) паспорт чыгаруучу атайын техникалык жабдуу алып келинип, орнотулду.

2024-жылы - 82 423 360 сомго акциздик марка басып чыгаруу үчүн атайын техникалык жабдуу алынып келинди.

Алынып келинген жабдууларды жайгаштыруу үчүн 3 кабат өндүрүштүк цех толук түрдө оңдоп-түзөөдөн өтүп, видеокөзөмөлдөөчү аппараттар, сигналдык, өрт коопсуздугун алдын алуучу жабдуулары орнотулду.

Паспорт чыгаруу

2024-жылдын башында «Учкун» ААК жалпы жарандык паспорттордун бланктарын басып чыгаруу жана идентификациялык карталардын бланктарын (ID-карта) көзөмөлдөн өткөрүү үчүн атайын полиграфиялык жабдууларды даярдоону жана ишке киргизүүнү аягына чыгарган.

2024-жылдын 11 айына карата жалпы суммасы - 270 896 300 сомду түзгөн 325 161 даана ЖЖ паспортторунун бланктары жана жалпы суммасы – 147 478 600 сомду түзгөн 450 629 даана идентификациялык карталар даярдалып берилген.

Акциздик марка даярдоо

2024-жылдын март айынан тарта “Учкун” ААК алкоголдук ичимдиктерге жана алкоголсуз ичимдиктерге, тамекиге жана майдын түрлөрүнө басылуучу акциздик маркаларды чыгарууда.

11 айга карата жалпы 456 374 540 акциздик марка даярдалды, алардын ичинен:

алкоголдук ичимдиктерге – 87 210 300;

алкоголсуз ичимдиктерге – 258 174 940;

тамекиге – 106 104 100;

майга – 4 855 200 даана акциздик марка чыгарылды.

11 айга карата 1 132 670 815 сомду түздү.

Китеп басуу

2024-жылдын 11 айында 250 013 700 сомдук 855 456 нуска окуу китептери басылды.

Ошондой эле, 3 390 221 сомго жана башка китептер 4500 нускада басылды.

2023-жылга салыштырмалуу окуу китептерин чыгаруунун көлөмү 141,98%га же 73 926 505 сомго көп.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан буюрутмаларды системалуу жана өз убагында жайгаштыруу менен «Учкун» ААКнын иштеп жаткан өндүрүштүк кубаттуулугу жагынан жылына 1 млрд 500 млн сомдон 2 млрд сомго чейин киреше алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Күйүүчү майды маркалоо

«Учкун» ААК 2024-жылдын 1-октябрынан тартып күйүүчү майды маркалоо долбоорунун оператору катары иш алып барууда. Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, бензин жана дизель отунун молекулярдык маркер аркылуу белгилөөдөн 2024-жылдын октябрь, ноябрь айларына жана декабрь айынын 13үнө карата акциздик салыктын (күйүүчү-майлоочу материалдар) түшүүсү 1 131 654 640 сомду түздү.

октябрь айында – 513 380 200 сом;

ноябрь айында – 366 482 721 сом;

декабрь айында (13 күн) – 251 791 719 сом;

2023-жылдын октябрь айында 251 374 201 сом түшкөн, өсүү - 204% түздү.

2023-жылдын ноябрь айында 215 453 002 сом түшкөн, өсүү - 170% түздү.

2023-жылдын декабрь айына (13үнө карата) – 251 791 719 сом түшкөн.

Белгиленген күйүүчү майдын өлчөмү

Вагон-цистерналардын саны – 4438

(анын ичинен дизель – 1762, бензин -2676)

Көлөмү литр менен 417 170 664,27

(анын ичинен дизель – 1762, бензин -2676)

Көлөмү тонна менен – 329 868,88

(анын ичинен дизель – 120 535,15, бензин -209 333,74)

“Учкун” ААКнын көрсөткөн кызмат акысына түшкөн сумма – 168 526 027 сом. Анын ичинен Nanolumi компаниясына 109 305 981 сом бөлүнүп, “Учкун” ишканасына 59 220 046 сом бөлүнөт.

Салык төлөө

2022-2023-жылдарга салыштырмалуу 2024-жылы “Учкун” ишканасынын өнүгүү темпи ыкчам көтөрүлүп, экономикалык жогорку көрсөткүчтөрдү багынтып, өлкөдөгү эң чоң салык төлөөчү компаниялардын катарына кирди.

2024-жылдын 11 айында «Учкун» ААК жалпы суммасы 423 827 650 сом салык төлөгөн, анын ичинен:

- 267 839 340 сом – КНС.

- 47 269 390 сом – сатуудан түшкөн салык;

- 88 987 330 сом – киреше салыгы;

- 18 172 790 сом – киреше салыгы (под.);

- 1 558 800 сом - турак эмес имараттарга жана жайларга мүлк салыгы.

Жалпы киреше

Акционерлердин жылдык жыйынында бекитилген бюджеттин болжолуна ылайык, ишкананын 2024-жылга жалпы кирешеси 1 млрд. 500 млн сом, 2024-жылдын 11 айында иш жүзүндөгү кирешеси 2 млрд 293 млн 407 сомду түздү. Бул пландык көрсөткүчтөрдөн 899 млн 982 миң сомго көп.

Маалымат үчүн айта кетсек, 2023-жылдын жылдык кирешеси иш жүзүндө 244 миллион 649 миң 500 сомду түзүп, киреше дээрлик 11 эсеге көбөйгөн же 2 млрд 048 млн ​​757 миң 800 сомго көбөйдү.

Продукциянын жаңы түрлөрүн өндүрүүнүн эсебинен өткөн жылдардын отчёттук мезгилдерине салыштырганда киреше бир кыйла өстү.

Ал эми 2022 жылы жалпы киреше 98 205 808 сомду түзгөн, таза киреше: -9 031 746 сом болгон.

Таза пайда

2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча финансылык-чарбалык ишмердүүлүктүн жыйынтыгында «Учкун» ААК 418 млн. 276 миң сом өлчөмүндө таза киреше алган, бул өткөн жылдардын отчеттук мезгилине салыштырмалуу бир топ жогорку көрсөткүч.

Мисалы: 2023-жылдын аягы менен - 4 млн 180 миң сомду түзгөн.

Насыяны төлөө

2024-жылдын эсебинен Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан («Айыл Банк» ААКсы, «РСК Банк» ААКсы, «Керемет Банк» ААКсы) берилген кредиттерди кайтаруу бардыгы болуп 249 941 861,6 сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий