Бишкек, 30.11.24. /Кабар/. Бүгүнкү күндө "Учкун" басмаканасы күнүнө 15 миңден ашык окуу китептерин басып чыгарууда. Бул тууралуу ишкананын өндүрүш директору Кубат Бейшеев билдирди.
Ал белгилегендей, техникалык талаптар материалдардын салмагынан жана курамынан көз каранды.
"Окуу китептеринин техникалык аткарылышы үчүн жооптуубуз. Бардык китептер стандарттарга ылайык иштелип чыккан", - деп баса белгиледи өндүрүш директору.
Ошондой эле Бейшеев басып чыгаруунун сапатын камсыз кылуу үчүн өкмөт бекиткен талаптарга жооп берген европалык заманбап жабдуулар колдонулуп жатканын айтты.
Мындан тышкары, өндүрүштө Россиядан келген кагаз, минималдуу химиялык заттар, Россиядан жана Европадан алынып келинген боектор жана клей сыяктуу экологиялык таза материалдар колдонулат.
2024-жылы республикалык бюджеттен билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоого 152 млн сом каралган. Бул каражаттын эсебинен 2024-2025-окуу жылына карата мугалимдер үчүн 428 миң 960 даана жаңы окуу китептери жана окуу-усулдук колдонмолору басылып чыкты. Быйыл мектептерди жаңы окуу китептери менен камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттен кошумча 90 млн сом бөлүнгөн.
Эске салсак, 2023-жылы "Учкун" ААК белгиленген стандарттарга толук жооп берген окуу китептерин чыгара баштаган.
Пикир
Оставить комментарий