• 87
  • 90.63
  • 0.79

"Учкун" басмаканасында коргоо элементтери бар аксиздик маркалар басып чыгарылууда

Коом 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. "Учкун" басмаканасында коргоо элементтери бар аксиздик маркалар басып чыгарылууда. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, аксиздик маркаларда 19 түрдөн турган коргоо элементтери бар жана QR коду жайгаштырылган.

"Мындан ары аксиздик маркаларды жасалма даярдап алууга болбойт. Урматтуу ишкерлер, өндүрүшчүлөр, “Учкундан” басылган акциздик маркаларды гана колдонуңуздар", - деди ал.

Каныбек Туманбаев белгилегендей, буга чейин “Учкун” басмаканасы заман талабына ылайык жабдыктар менен толукталган.

Мурда чет мамлекеттен басылып жүргөн документтер, паспорттор дагы басмаканада даярдалууда. Муну менен миллиондогон акча каражаттарын үнөмдөөгө жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий