• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Учур” театрынын актрисасы Уфада өткөн фестивалда сыйланды

Маданият 0

Бишкек, 15.09.17. /Кабар/. “Учур” театрынын актрисасы Динара Кыдырмаева VI түрк тилдүү театрлардын Эл аралык “Туганлык” фестивалынын сыйлыгын алды. Фестиваль Башкортостандын Уфа шаарында өткөн.

Башкириянын Маданият министрилигинин расмий интернет баракчасында маалымдалгандай, күн мурун иш чаранын катышуучуларын сыйлоо аземи болуп өттү.

Кыдырмаева “Кыямат” спекталында Акбардын эпизоддук ролун мыкты аткаргандыгы үчүн сыйланган.

Түрк тилдүү театрлардын Эл аралык “Туганлык” фестивалы 1991-жылдан бери Уфада өткөрүлүп келет. Бул жылы алтынчы ирээт өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий