• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Учурда Балыкчы - Кочкор темир жолунун курулушу уланууда

Аймак 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Учурда Нарын облусунун Кочкор районунда Балыкчы - Кочкор темир жолунун курулушу уланууда.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө темир жолдун астыңкы конструкциясы жана суу өткөргүчтөрү курулуп жатат. Аны менен бирге рельс, шпалдар салынууда. Жалпысынан 35 чакырым темир жол курулган.

Табигый тоскоолдуктарды жоюу жана курулушту улантуу үчүн жалпы узундугу 6 чакырымга созулган тилкелерде бургулоо жана жардыруу иштери пландаштырылган.

Белгиленгендей, ушу тапта темир жол салуу иштерине 100дөн ашык жумушчу жана 60ка жакын атайын техника тартылды.

Темир жолдун курулушу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын өз күчү жана каражатынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Маалымат үчүн: Балыкчы-Кочкор - Кара-Кече – Макмал темир жолу транспорттук инфраструктураны жакшыртат, жүктөрдү жеткирүүнүн мөөнөтүн кыскартат жана аймактын экономикалык өнүгүүсүнө түрткү болот. Бул каттам өлкөдө бирдиктүү темир жол тармагын калыптандырууда негизги ролду ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий