• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте учурда 52 автобустук жана 3 троллейбустук каттам жүргүнчүлөрдү тейлөөдө

Коом 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Бишкек шаардык транспорттук-муниципалдык ишканасынын базасы 95 пайызга жаңыланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык муниципалдык транспорт ишканасынын директору Талант Капаров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада учурда 52 автобустук жана 3 троллейбустук каттам штаттык режимде иштеп, күнүнө 700 миң жүргүнчү ташууда.

“Бишкек шаардык транспорттук-муниципалдык ишканасынын балансында жалпы 1 миң 276 бирдик автобус бар. Президенттин жана министрлер кабинетинин колдоосу менен дагы 1 миң 120 автобус сатып алынып, биздин баланска өткөрүп берилген. ЕРӨБ долбоорунун алкагында 124 автобус алганбыз. Андан тышкары 2019-жылы сатып алынган автобустар да бар”,- деди Капаров.

Маалымдалгандай, аталган ишкананын карамагындагы 5 автобазада учурда 2 миң 600 айдоочу жана 600 административдик кызматкер эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий