Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Учурда өлкөдөгү жолдордо чектөө жок, жол ачык.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, Бишкек –Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Тараз –Талас – Суусамыр авто жолундагы Өтмөк ашуусунда чектөөлөр жок, күн ачык, каттам бар.
Ушу тапта Өтмөк ашуусунда шамалдан улам жол үстүнө чогулган карды тазалоо иштери жүрүүдө.
Ошондой эле Бишкек – Нарын -Торугарт жолундагы Долон, Кызыл-Бел, Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашууларында да унаа кыймылына чектөө жок.
Министрлик алдындагы Жол тейлөө ишканалары тарабынан жол тазалоого керектүү техникалар жана инерттик материалдар даярдалып, көзөмөл жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий